Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Бишкекте “Референдум жөнүндө” мыйзам талкууланат


Бүгүн “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдарды 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайыктоо долбоорлору парламенттик угууда талкууланат. Мыйзам долбооруна эгер шайлоо жыйынтыгына шектенген талапкер же партия добуш берүү кагазын кайра санап чыгууну талап кылса, ал аткарылышы керек деген норма киргизүү каралууда.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” айтымында, аталган конституциялык мыйзамдарга жаңы нормаларды киргизүү мезгил талабы. Мындан сырткары саясий партиялардын парламенттик шайлоого катышуу укугу тууралуу да өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талукуланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG