Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Сирия: Растандагы чабуулда 22 адам өлгөнү кабарланды


Бул тууралуу баш кеңсеси Лондондо жайгашкан сириялык адам укугун коргоочулардын уюмунан айтышты. Растан шаары оппозициянын негизги күчү топтолгон Хомс провинциясында жайгашкан. Бул шаарга опозициянын күчтөрү майдын ортолорунда көчкөндөн бери өкмөттүк аскерлер аны мезгил-мезгили менен чабуулга ала баштаган. Ошол эле региондогу Кусайра шаарында блокпостко бүгүн оппозициянын куралчан тобу чабуул койгону, бир нече аскер окко учканы айтылды.

Сирияда куралчан оппозиция менен өкмөттүк аскерлердин ортосунда атышуулар былтыр марттан бери уланып келатат.

XS
SM
MD
LG