Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Санпа окуясы боюнча соттолгондордун бирөө түрмөдө муунуп өлдү


Санпа окуясы боюнча соттолгон Гафуржан Абдурахманов 12-июнда түшкө маал Бишкектеги №1 абакта жалгыз адам жатчу камерада шейшепке муунуп өлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” түрмөлөрдү көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратурадан кабарлашты. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Мурунку тартип коргоо органынын кызматкери Абдурахманов Санпа окуясы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Кечээ №1 түрмөгө которулуп келе электен мурун Ново-Покровкадагы №3 абакта жаткан.

Санпа окуясы боюнча 19 адам кесилген. Алардын бирөө жашы 65тен ашканына байланыштуу 25 жылга, калгандарынын баары өмүр бою эркинен ажыратылган.

2010-жылы 12-13-июнь күндөрү Жалал-Абаддын Сузак районунда "Санпа" пахта заводунун жанында миңдей өзбек тектүү адамдар жол тосуп, буктурма уюштуруп, кыргыз тектүү адамдарга кол салган. (EBM)

XS
SM
MD
LG