Эл аралык Мунапыс уюму өзүнүн жаңы баяндамасында Европа өлкөлөрүнүн бийликтерин мыйзамсыз мигранттардын өмүрүнө коркунуч жаратууда деп айыптады. Докладда Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрү адамдардын коопсуздугун ойлоонун ордуна чек араны кайтарууну күчөттүүдө деп сындалат. Акыркы он жылда Европага келүүгө ниеттенген Африкалык мигранттар чек арадан кайра артка кайтарган учурлар көбөйдү. Өткөн жылы Италия бийлиги ливиялык качкындарды өз өлкөсүнө кайтарып, качкындарды түрмөгө салып бергени докладда белгиленет.