Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:07

Нарындык балдар Бангладешке кантип жол тапты?


Нарын шаарынан бир көрүнүш.
Нарын шаарынан бир көрүнүш.

УКМК Нарындан 10-15 жаштагы балдар Бангладештеги диний окуу жайларга кандайча барганын териштирүүдө.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен Бангладеш ортосунда билим берүү кызматташтыгы тууралуу макулдашуулар жок.

Алдын ала маалымат боюнча, балдардын медреселерге алынып кетишине “Таблиги жамаат” диний кыймылынын тиешеси бар. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурлан Токталиевди угалы:

- УКМК тарабынан Нарын облусунан 10-15 жаштагы өспүрүмдөрдү Бангладеш Республикасындагы диний окуу жайларга алып чыгуу фактылары текшерилип жатат. Буга “Таблиги жамаат” диний кыймылынын жана муфтияттын тиешеси бар болушу мүмкүн.

Жергиликтүү калктын бул тууралуу маалыматы дээрлик жокко эсе. Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков былтыркы жылдары жоголгон балдардын изи чет өлкөгө жашыруун чыгарылып кеткен балдардын арасынан чыгышы мүмкүн деп болжоп жатат:

- Азыр аныктала элек, бул жөн эле болжол болуп атат, күч органдары тергеп жатат, бизде былтыркы жылдары жоголгон балдардын изи ошол жактан чыгышы ыктымал.

2010-жылы 19-май куну Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Бакыт Эгембердиевдин эки баласы жоголуп кеткен эле. Ал азыркы айтылып жаткан имиштерден кабары бар экен, бирок тийиштүү чаралар көрүлбөй жатканына нааразы:

- Мындай имишти уктум, бирок эми ички иштер органдары муну канчалык денгээлде тастыктап, териштире алышат билбейм, себеби ички иштер органдары алсыз жана коррупцияланышкан.

Облустук казыяттан нарындык балдардын Бангладешке чыгарылып кеткени тууралуу маалыматы жоктугун билдиришти. Нарын шаарындагы “Ихлас” мечитинин имамы Нуролло Мамбетов 4 ай Бангладешке дааватка барып келген, бирок ал балдардын тышка жашыруун чыгарылып жатканын тастыктаган жок.

- Эми элдин түшүнүгү ошондой болуп калганда, “Таблиги жамаат” бул даваатчылар, ал эми окууга алып кетип жаткандыгы жөнүндө маалыматым жок.

Макала даярдалып бүтүп калганда Бангладештеги диний окууларга Жумгал районунан бир ай мурда 7-8 бала жиберилгени такталганын "Азаттыкка" аталган райондун акиминин орун басары Динара Асанова билдирди. Учурда алар кантип жана ким аркылуу кеткени териштирилүүдө.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG