Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Америкалык имам Жалал-Абадда диний кырдаал менен таанышты


АКШнын Вашингтон шаарындагы Жоржтаун университетинин профессору, америкалык имам Яхья Хенди бүгүн Жалал-Абад облусундагы имамдар менен жолугушту. Ал имамдардын эл арасындагы кызматын белгилеп, аларды элди биримдикке чакырууга, адамдар менен аялдардын жана ар түрдүү улуттардын укуктарын сактоого, жаштар менен аялдардын билим алуусун колдоого үндөдү. Эки жыл мурда улуттар аралык чатакты башынан өткөргөн элге дайыма ынтымак менен тилектештик керек экендигин, таарынычтарын унутуп,бири-бирин кечире билүүсү зарылдыгын, Кыргызстан өзүнүн экинчи мекениндей болуп калгандыгын белгиледи.

“Азатыкка” берген жообунда имам АКШ- Кыргызстан элдеринин ортосундагы биримдикти бекемдөө жана эки өлкө мусулмандарынын бири-бирине жардам берүү жолдорун үйрөнүү, диний кырдаалды жана аялдар менен жаштарга жасалган мамилени билүү максатында келгендигин билдирди. Жергиликтүү имамдар Жалал-Абадда эл
арасы тынч, улуттар аралык мамиле жакшырып калгандыгын, а түгүл кыргыз-өзбектер арасында куда сөөк болгондор бар экендигин “Азаттыкка” айтышты.(YA)

XS
SM
MD
LG