Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Айтылуу Армстронг наамдарынан ажырашы мүмкүн


Дүйнөнүн акыркы жылдагы эң абройлуу спортчуларынын бири, “Тур де Франс” веложарыш мелдешинин жети жолку жеңүүчүсү Лэнс Армстронг өзү багындырган рекорддорунан ажырап калышы мүмкүн.

Америкалык атактуу спортчу допинг колдонгон деп кайрадан айыпталууда.

АКШнын Антидопинг агенттиги (USADA) ага допинг колдонгон деген айып тагылганын спортчунун өзүнө жолдогон расмий кат аркылуу маалымдаган.

Катта белгиленгендей, агенттиктин кызматкерлери Армстронгдун канынан 2009-2010-жылдары алынган анализдерди текшерүүнүн жыйынтыктары спортчуга кан куюлганын, ал кубат берүүчү заттарды жана муну жашыруучу дары-дармектерди колдонгонун көрсөтүүдө.

Допинг боюнча коюлган айыптан улам 41 жаштагы спортчу триатлон боюнча эл аралык мелдештерге катыша албай калууда.

2011-жылы чоң веложарыштагы карьерасын аяктагандан кийин Армстронг спорттун сууда сүзүү, веложарыш жана чуркоо айкалышкан ушул түрү менен алектене баштаган.

Армстронг өзү АКШнын Антидопинг агенттигинин соңку дооматтарын “негизсиз” деп четке какты. Анын пикиринде, бул анын ийгиликтерине кыжырлангандардын аракетинин натыйжасы. Спортчунун ырастоосунда, ал допинг боюнча буга чейин 500дөн ашуун анализ тапшырып, баарында таза чыккан.

АКШнын Антидопинг агенттигинин жарыясын Армстронгдун жактоочулары да камтамачылык менен кабыл алышты. Алардын бири, триатлон мелдешинин уюштуруучусу Иве Кордье Франциянын Ницца шаарынан "Рейтердин" кабарчысына буларды айтты:

- Ал реакцияны кантип жасоону жана соккудан кайра кантип оңолууну ар убак жакшы билген адам. Армстронг жаман ооруну башынан өткөргөн жана “Тур де Франстан” башка жерлерде да бир топ басым-кысымдан өткөн. Андыктан мениче ал өзү көнгөндөй бул маселени өз алдынча эле чече алат.

Армстронг 1996-жылы рак илдетине кабылып, бирок андан айыгып чыккандан кийин да “Тур де Франсты” жеңип, көптөрдү таң калтырган. Ал эми 1999-2005-жылдары бул мелдешти жети жыл катары менен жеңип, эч ким жете элек ийгиликтерди багындырган.

Бирок АКШнын Антидопинг агенттиги койгон жаңы айыптардын негизинде эми ал ошол чемпиондук наамдарынан ажырап калышы мүмкүн. Ал допинг колдонгон деп алгач ирет эле айыпталып жаткан жок.

Эки жыл мурда эле анын үстүнөн тыюу салынган дары-дармектерди колдонгон деген иш козголгон. Франциянын Антидопинг агенттиги спортчу анализ берүү учурунда допинг-офицердин көзөмөлүндө такай болууну караган эрежени бузган деп ырастаган. Анда Армстронгго каршы анын команда боюнча мурдагы өнөктөшү Флойд Лэндис көрсөтмө берген.

Бирок бир нече ай мурда АКШнын Юстиция министрлиги ага каршы ишти жапкан. Эми жаңы ишти иликтөөнү улантуу жөнүндөгү чечимди АКШнын Антидопинг агенттиги алдындагы Байкоочу кеңеш кабыл алат. Ишке ага жакын беш адам: спортчунун үч дарыгери, мурдагы эки администратору күбө болушу ыктымал.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG