Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Зууракан Кайназарованын 110 жылдык мааракеси белгиленет


Социалисттик эмгектин эки жолку Баатыры Зууракан Кайназарованын 110 жылдык мааракеси Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Белек айылында 16-июнда белгиленет. Мааракенин алкагында Белек айылындагы жайгашкан Кайназарованын күмбөзүнө куран окулуп, коноктор үй-музейи менен таанышат. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик администрация, өкмөттүк аппараттын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат.

Советтик тушта эмгеги менен даңк алган кызылчачы Зууракан Кайназарова 1902-жылы 2-июнда Чүйдүн Жыламыш айылында кедей-кембагалдын үйүндө туулган. Ал өзүнүн эмгек жолун 1929-жылы баштап, 1934-жылы “Дружба” кызылча колхозунун бир звеносун жетектеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG