Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Орус оппозиционерлери бүгүн суракка алынат


6-майда Болотная аянтында болгон башаламандык үчүн Башкы тергөө комитети бүгүн оппозиция лидерлери Илья Яшин, Борис Немцов жана теле алпаруучу Ксения Собчакты сурак берүүгө чакырды. Мурда оппозиционерлерди суракка алчу имаратка жардыргыч заттар коюлду деген себеп менен сурак берүү башка мөөнөткө жылдырылып, бирок ал имараттан жардыргыч зат табылган эмес. Оппозиционерлер 6-майдагы башаламандыкка күбө катары чакырылууда.

Буга нааразы болгон жарандык активисттер оппозицияга кысымды токтотпой жаткан Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинди кызматтан кетирүү талабы менен президенттик администрацияга кайрылышты.

6-майда Орусиянын баш калаасында он миңдеген киши бийлик уруксат берген “Миллиондордун маршына” чогулушуп, митинг өтчү жайга өткөрбөй койгон полиция менен кагылышкан. Окуя боюнча 11 адам камалып, бирөө үй камагына чыгарылган.

11-июнда Москвада оппозициялык активисттердин үйлөрүндө бир нече саатка созулган тинтүүлөр болгон. 12-июнь Орусиянын күнкорсуздук күнүндө он миңдеген адамдар жүрүшкө чыгып, президент Владимир Путиндин кызматтан кетишин талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG