Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Өспүрүм блогердин сүрөтүнө кайрадан уруксат берилди


Шотландиялык 9 жаштагы блогер Марта Пейн мектепте берилчү тамакты сүрөткө тартып, өзүнүн блогу аркылуу жайылтып жибергени чоң чуу жараткан эле. Мартага жергиликтүү бийлик мектеп ашканасындагы сүрөттөрдү жайылтууга тыюу салып, кайра уруксат берди.

Өспүрүм кыз Малавидеги сүт ашканасынын курулушуна өзүнүн блогу аркылуу 11 миң доллар топтогон эле, эми жергиликтүү бийлик ага чектөө койгондон бери Мартанын колдоочулары көбөйүп, 83 миң доллар чогултту. "Менин блогума кайра жашоо бергениңер үчүн рахмат! Биз чогулган акчага бир нече балдар ашканасын кура алабыз», - деди Мартин Пейн.

9 жаштагы өспүрүм кыз мектепте берилчү тамактын сүрөтүн интернетке коюп, бул тамак балдардын саламаттыгына канчалык пайдалуу деп суроо салган. Сүрөттү бир нече гезиттер басып чыгаргандан кийин жергиликтүү бийлик өспүрүмгө ашканадан сүрөт тартууга тыюу салган.

XS
SM
MD
LG