Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Орусияда Ирандын өзөктүк программасы талкууланат


Ирандын ядролук программасы тууралуу сүйлөшүү үчүн ирандык делегация бүгүн Орусияга жөнөп кетти. Башында Саид Жалил турган топ ал жерде алты ири өлкөнүн өкүлдөрү менен жолугат.

Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШнын өкүлдөрү менен боло турган жолугушуу эртең башталат.

Иран ядролук программасын өнүктүрүүгө уруксат берилүүсү үчүн такай аракет кылып, аларга каршы коюлган санкцияны жокко чыгарууга чакырууда.

Аталган мамлекеттер болсо Тегеранга жакын жайгашкан Парчин аскердик комплекске кирүүнү каалашат. Алардын пикиринде, Иран бул жерде ядролук курал жасайт. (AKu)

XS
SM
MD
LG