Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:10

Грецияда солчулдардын лидери жеңилгенин мойнуна алды


Куткаруу планына кастарын тиккен "Сириза" партиясынын лидери Алексис Ципрас кечээки парламенттик шайлоодо жеңилгенин мойнуна алды. Алдын ала эсептөөгө караганда, консервативдүү "Жаңы демократия" партиясы добуштардын дээрлик 30 пайызын алса, "Сириза" 27 пайызга ээ болду. "Пасок" социалисттик партиясы 23 пайыз менен келатат. Демек Жаңы демократтар бул партия менен биригип, көпчүлүк коалициясын түзө алат. "Сиризанын" жол башчысы коалицияга кирүү сунушун четке кагып, анын партиясы буга чейин жетишилген 130 миллиард долларлык Грецияны куткаруу планына каршы ишин уланта берээрин бышыктады. Европада жана Вашингтондо өкмөттөр Грецияда тез арада өкмөт куралаарына үмүттөнүп жатышат. (JCh)

XS
SM
MD
LG