Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Жети-Өгүздө жоголгон алты жашар кыз табыла элек


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жоголуп кеткен 6 жашар Диана Асылова деген кыз дагы эле табыла элек. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

16-июнда Кызыл-Суу айылынын тургундары эс алганы Чоң-Кызыл-Суу жайлоосуна барышканда Кызыл-Суу айылынын тургуну 2006-жылы туулган Асылова Диана жоголуп кеткен. Кызды издөө иштерине райондук администрациядан, туугандарынан жана айылдаштарынан 50 адам, райондук милициядан 30, чек ара кызматынан 20 адам жана 1 издөөчү ит катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG