Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Женевада Кыргызстан жөнүндө көргөзмө өтүүдө

Женевада, Интеллектуалдык менчик боюнча дүйнөлүк уюмдун штаб-квартирасында Кыргызстанга арналган көркөм көргөзмө өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Көргөзмөнүн автору - "Кыргызпатент" мекемесинин кызматкери, сүрөтчү Тинатин Осмоналиева. Анын кийизден жасаган буюмдары "Улуу Жибек жолу" деген топтом катары тартууланууда. Ал эми колго тарткан сүрөттөрү Кыргызстандын жаратылышынын кайталангыс кооздугун даңазалайт. Көргөзмө 29-июнга чейин ачык болот. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG