Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Оштун тергөө абагынын үч жетекчиси кызматтан алынды


Жаза аткаруу кызматынын Оштогу №25 мекемесинин, башкача айтканда тергөө абагынын жетекчиси Абдыкадыр Асанов жана анын орун басарлары Адылбек Абдылдаев менен Нурали Чекиргөзов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Мындай чечим кызматтык зарылчылыкка байланыштуу кабыл алынганы айтылууда. Абактын жаңы жетекчиси болуп Калыбек Калмаматов дайындалды. Мурда ал №3 колонияны башкарчу. Жаңы жетекчини Оштун тергөө абагынын кызматкерлерине Жаза аткаруу кызматынын башчысы Аликбек Мамыркулов бүгүн өзү барып тааныштырды. (RK)

XS
SM
MD
LG