Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Казакстанда 3 чек арачы камакка алынды


Казакстанда 3 чек арачы, анын ичинде “Терсайрык” заставасынын башчысы камакка алынды. Өлкөнүн аскердик прокуратурасы маалымдаганына караганда, алар аскерлерди уруп сабашкан деп шектелүүдө. 18-июнда 11 жоокер заставаны калтырып кетип, бир күндөн кийин табылган. Алар командирлерден такай таяк жешкенин айтып даттанышкан. Факт боюнча кылмыш иши козголду. Майдын этегинде Кытай менен чек арадагы заставалардын биринде 14 аскердин жана токойчунун күйүп кеткен сөөктөрү табылган. Кылмышка шектүү чек арачы башка аскерлердин ыдык көргөзүүсүнө чыдабай, кылмышка барганын моюнга алган. Бирок айыпталып жаткан жигиттин жакындары жана укук коргоочулар ал күнөөлүү эмес деп келатышат.

XS
SM
MD
LG