Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:38

Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди кармап кетишти


Бейшембиде кечки саат тогуздар чамасында Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаты, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевди укук коргоо органынын 20 чакты куралдуу кызматкери үйүнөн кармап кетти. Ушул тапта анын туугандары жана айрым депутаттар Башкы прокуратуранын алдында турушат. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Адилет Саткеев “Азаттыкка” билдирди. Саткеевдин айтымында, депутатты эмне себептен кармашканын эч ким түшүндүргөн эмес. Азырынча Башкы прокуратура депутатты кармоонун себептери боюнча маалымат тарата элек.

2010-жылы Башкы прокуратура Нариман Түлеевге Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп турган кезде мыйзамсыз жер бөлүштүргөн деген негизде кылмыш ишин козгогону белгилүү. (JAk)

XS
SM
MD
LG