Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Баңгилерди метадон менен дарылоонун пайда-зыяны талкууланат


Бүгүн Бишкекте метадон терапиясы тууралуу жыйын болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, анда жарандык коомдун өкүлдөрү, метадон берүүнү колдогондор жана эл аралык эксперттер метадон пайда-зыянын талкуулайт.

Жогорку Кеңеште 13-июнда баңгилерге бул дарыны берүүнү тыюу демилгеси көтөрүлгөн болчу. Ага чейин кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун метадондун зыяны тууралуу даректүү тасмасы коомдо талкуу жараткан эле.

Метадон дарысы баңгилерди маңзаттан кутултуу үчүн берилет. Кыргызстанда дарылоонун бул ыкмасы 2002-жылы башталган.

Ырасмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда маңзат колдонгондор саны 11 миңге барат. Бирок бейөкмөт уюмдардын эсебинде сан 2-3 эсе көп болушу мүмкүн. (EBM)

XS
SM
MD
LG