Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Лавров кемеде Сириянын режими үчүн тикучмалар болгондугун бышыктады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кайра кайтууга мажбр болгон кемеде согуштук тикучмалар болгондугун мойунга алып, бирок Кремл президент Асаддын бийликте калышы үчүн жанталашпайт деди:

- Биз президент Асадга жармашкан жокпуз. Биз анын тагдыры жалпы сириялык диалогдун чегинде чечилиши керек деп эсептейбиз.

Лавров "Эхо Москвы" радиосуна “Алаед” кемесиде 2008-жылдагы келишимдин негизинде оңдолгон орусиялык 3 тикучма болгондугун билдирди. Ал кеме дагы абадан коргонуу үчүн зарыл болгон жабдыктарды ташып бараткандыгын кошумчалады. Батыш өлкөлөрү Орусияны Сириянын бийлигин курал менен жабдууну токтотууга чакырып келишүүдө.

XS
SM
MD
LG