Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Нариман Түлеев Бишкек ИИБине барды


Эл өкүлү Нариман Түлеев азыр тергөөчү жана жактоочусу менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында. Бул тууралуу Түлеевдин агасы Бексултан Түлеев "Азаттыкка" билдирди.

Депутат 2 сааттай мурда "Азаттыкка" суракка өзү баратканын кабарлаган болчу. Сыртта турган бир туугандары имараттын ичинде эмне болуп жатканын азырынча билишпейт.

Кечээ депутат Нариман Түлеевге тарапташ депутаттар ал тергөөдө жооп берүүгө даяр экенин билдирген болчу. Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Шамил Атаханов Нариман Түлеев суракка келбесе күч менен алып келээрин айткан.

Депутат Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турганда, 2008-жылы мамлекеттик бюджетке зыян келтирген делип 2010-жылы ага каршы кылмыш иши козголгон. (AKu)

XS
SM
MD
LG