Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Аймактык курултай кеңеши түзүлүүдө


Демилгечилер Аймактык курултай кеңешинин пайдубалын түптөп жатканын “Азаттыкка” Улуттук улуу курултай кыймылынын маалымат катчысы Кубатбек Осмонов кабарлады.

Анын айтымында, 22-июнда Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө 300дөй адамдын катышуусу менен жергиликтүүлөр курултай кеңешинин түзүмүн түптөштү.

- Айыл өкмөтүнүн эли 5 кишиден турган жумушчу топту, 9 аксакал, 9 аял жана 40 мекенчил жаштардан турган чорону тандашты. Улуттук улуу курултайдын максаттарын ишке ашыруу үчүн аларды милдетке аттандырышты.

Бүгүн болсо Арсланбапта облустун ар тармагынан адамдарды чакырып, курултайдын иши тууралуу семинар өткөрүшкөн. Демилгечилердин айтымында, аймактарда түзүлгөн курултай кеңештери жергиликтүү маселени чечүүнү көздөйт. Алар бардык аймактарда ушундай кеңеш түзүүнү пландап жатышат. (AKu)

XS
SM
MD
LG