Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Депутат Нариман Түлеев 48 саатка камалды


Нариман Түлеев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында 48 саатка камалганын “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сейитжан Апышев билдирди. Ал Нариман Түлеев бүгүн кылмышка шектүү адам катарында сурак бергенин кошумчалады.

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев коррупция боюнча шектелип, ага каршы 2010-жылы кылмыш иши козголгон. Эки күн мурда, 21-июнда Башкы прокуратуранын суракка келген жок деген жүйөөсү менен үйүнөн күчтөп кармалып кеткен. Бирок Түлеевди тарапташ депутаттар чыгарып кетишкен болчу. (AKu)

XS
SM
MD
LG