Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Парагвай эл аралык милдеттенмелерин аткарат


Парагвайдын жаңы президенти Федерико Франко өлкө эл аралык милдеттенмелерин мурдагыдай эле аткара берет деп ишендирди. Бир нече күн мурун парламент президент Фернандо Лугого импичмент жарыялап, кызматынан тез эле кетирип салган. Бразилия жана Аргентина кошуна өлкөлдөгү окуяларды сындап, элчилерин кеңешүү үчүн чакыртып алган. Жаңы президент Парагвайда демократиялык нормалардын бузулбаганын түшүнүдүрүү үчүн тышкы иштер министрин Бразилия, Аргентина жана Уругвайга жиберээрин билдирди.

Жума күнү Парагвайдын Конгресси Лугону кызматтан кетирүүнү көпчүлүк добуш менен колдошкон. Дыйкандар менен полициянын кагылышуусунда 17 кишинин өлүмү үчүн жоопкерчилик президентке жүктөлгөн. Ошол эле күнү мурдагы президент Франко ант берди.

XS
SM
MD
LG