Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Парламент Кумтөр маселеси боюнча талкууну ушул жума улантат


Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын токтом долбоору парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине иштеп чыгууга жиберилди. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын кабарлашкандай, макулдашылган токтом долбоорду депутаттар ушул апта соңундагы жыйында карамакчы.

22-июнда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөргө байланыштуу маселени талкуулоону уланткан. Анда депутаттар Кумтөр кени боюнча мурдагы макулдашуулар менен келишимдердин баарын кайра карап чыгуу, «Центерра Голд Инк» компаниясындагы кыргыз тараптын акцияларынын үлүшүн жогорулатуу талаптарын коюшкан.

Былтыр кыргыз өкмөтү аталган компания менен жаңы макулдашуу түзгөн. Ага ылайык, компаниянын бир вице-президенти кыргызстандык болоору белгиленген. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов депутаттарды Кумтөр боюнча шашылыш чечим кабыл албоого чакырууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG