Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Көлдө жырткыч балык өстүрүүгө тыюу салынышы мүмкүн


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Ысык-Көлдүн эндомикалык балык түрлөрүн сактоо максатында бөтөн жерден алынып келинген жырткыч балыктарды өстүрүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрүүдө. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул багытта «Балык чарбасы жөнүндө» мыйзамга түзөтүүлөр киргизилүүдө. Мыйзам долбоору бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинде талкууланып, колдоо тапты. Демилгечилердин бири, депутат Максат Сабировдун айтымында, Ысык-Көлдө балыктын 11 түрү кездешсе, анын 9 түрү башка жерде кездешпеген жергиликтүү балык болуп саналат.

“Көлдө судак, севан жана күнжеле форелдери өстүрүлө баштаганы жергиликтүү чабак менен асман балыктары жоголушуна алып келди. Айрыкча, азыр көк асман балыгын табуу кыйын болуп калды”, - деди Сабиров.

Мындан улам депутат Ысык-Көлдө бөтөн жерден алынып келинген балык багуу чарбасы өзүн актабай калганын билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG