Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Египеттин жаңы президенти Иран менен алаканы кеңейткиси келет


Мухаммад Мурси египеттиктерге алгачкы телекайрылуусун жасоодо. Каир, 24-июнь, 2012-жыл.
Мухаммад Мурси египеттиктерге алгачкы телекайрылуусун жасоодо. Каир, 24-июнь, 2012-жыл.
Египет президенттигине шайланган исламчыл саясатчы Мухаммад Мурси Иран менен алканы кеңейтүүнү кааларын “Фарс” жаңылыктар агенттигине берген интервьюсунда билдирген. Мурси белгилегендей, ал “Иран менен Египеттин мамилесин өнүктүрүүнү аймакта стратегиялык баланс жаратуу үчүн” көздөйт.

Жакынкы Чыгыштын эң ири эки өлкөсү: исламдын шийи масхабы үстөмдүк кылган Иран менен сунни масхабы үстөмдүк кылган Египет 1980-жылы Ирандагы ислам ыңкылабы жана Египет Тегерандын башкы душманы - Израиль менен тынчтык келишимин түзгөн соң дипломатиялык алакасын үзгөн.

Мурсинин Египет президенттигине шайлануусун Иран “Жакынкы Чыгыштагы өнүгүүнүн жаңы баскычы жана исламдык ойгонуу” катары оң баалады.

Египеттин шайланган президентинин Иран боюнча сөздөрү Батыш талаштуу өзөктүк программасынан баш тартпаган бул өлкөнү обочодо калтырууну көздөп жаткан учурда айтылды. (UE)

XS
SM
MD
LG