Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:22

Башкы прокуратура ЖК токтомун сотко берди


Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин Түлеев кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу токтому боюнча сотко кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, башкы көзөмөл орган парламенттин бул токтому мыйзамга каршы келерин, Түлеевдин кармалышын Биринчи май райондук соту мыйзамдуу деп тапканын билдирип, соттон Жогорку Кеңештин токтомун жокко чыгарууну өтүнүүдө. Ошондой эле Башкы прокуратура депутаттардын комиссия корутундусу чыкканга чейин ишти токтотуп туруу, Түлеевдин кармаган адамдарды жазага тартуу өңдүү демилгелери негизсиз экенин, Түлеевдин күнөөсү аныкталганын билдирүүдө.

Бейшемби күнү кечинде атайын даядыктагы күч түзүмдөрүнүн кызматкери Түлеевди үйүнөн кармап кеткен. Бирок түн оогондо Жогорку Кеңештин кийлигишүүсүнүн натыйжасында депутат кайра бошотулган. Эртеси күнү бул маселе Жогорку Кеңеште каралып, Түлеевдин кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү максатында депутаттык комиссия түзүлгөн.

Кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча коррупция үчүн айыпталып жаткан Түлеев ишемби күнү кайра суракка келип, 48 саатка камалган. Азыр Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда депутаттын баш коргоо чарасы териштирилип жатат. Ага ылайык, Түлеевдин тергөө бүткүчө камакта калаары же эркиндикке чыгарылары чечилмекчи.(KKs)

XS
SM
MD
LG