Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Нарында Түлеев боюнча эки тарап чатакташа кетти


Нарын шаарында депутат Нариман Түлеевди бошотууну талап кылып, Бишкектеги соттун чечимин күтүп жаткан алтымыштай жаран менен Түлеев жазасын тартсын деген 6-7 адам чатакташа кетти. “Азаттыктын” кабарчысы Токтосун Шамбетов билдиргендей, эки ортодо чыккан кайым айтышууну милиция келип токтотуп калды.

Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтында Түлеевдин 400дөн ашык (милициянын эсеби боюнча) тарапкери митинг өткөрүп, алардын айрымдары соттун чечимин күтүп жаткан болчу. Азыр Бишкектеги Биринчи май райондук соту депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карап жатат. (TSh/KKs)

XS
SM
MD
LG