Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Иранда эки адам арак ичкени үчүн өлүм жазасына кесилди


Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Хоросан-е Разави провинция сотунун башчысы Хассан Шариатиге шилтеме жасап кабарлашты. Соттун айтымында, өлүм жазасына кесилгендер арак ичкени үчүн буга чейин да эки ирет айыптуу деп табылып, ар биринен 80 ирет балак алынган.

Алкоголдук ичимдиктерди пайдалануу Иранда кескин чектелген. Аны жашыруун соода түйүндөрүнөн гана табууга болот. Алкоголь мыйзамынын эрежелери христиан азчылыгына гана жайылтылбайт. (UE)

XS
SM
MD
LG