Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Орус президенти Израилде жүрөт


Путин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен. 25-июнь, 2012-жыл.
Путин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен. 25-июнь, 2012-жыл.
Владимир Путиндин бул сапары Орусиянын Жакынкы Чыгыштагы таасирин чыңдоо аракети катары каралууда жана ал Сириядагы жаңжал, Ирандын өзөктүк программасынан улам Москва менен Батыштын мамилеси чыңалып турган учурга туш келди.

Сирия жана Иран маселелери Путиндин Израиль бийликтери менен сүйлөшүүлөрүндө үстөмдүк кылары күтүлгөн. Бүгүн Иерусалимде Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен бирге өткөргөн басма сөз жыйында орус президенти буларды белгиледи:

- Жакынкы Чыгыштагы окуялардын фонунда эскирип кеткен жаңжалдарды чечүү зарылдыгы мурдагыдан да күчөйт. Эң биринчи кезекте - араб-израиль чатагын. Тараптарды сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырабыз. Бул - жаңжалды жөнгө салуунун жалгыз жолу.

Путин Израилге акыркы ирет 2005-жылы барган. Азыркысы - Орусия мамлекет башчысынын Израилге алгачкы расмий сапары. Израилден соң Путин эртең Йордандын Батыш жээгине барып, палестин лидери Махмуд Аббас менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. (UE)
XS
SM
MD
LG