Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Кадамжайда тоодон кулаган таш бир адамдын өмүрүн алды


Бүгүн таңкы саат алты жарымдарда Баткен облусундагы Кадамжай шаарчасынын тургуну Курсанали Асановдун үйүн тоодон кулаган эки чоң таш басып калып, 15 жаштагы Нурбек Асанов каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Кулаган таштан жабыркаган дагы эки адам ооруканага жеткирилди. Тоодон түшкөн таштын көлөмү 6-8 метр кубга жеткен.

Бүгүн эртең менен Жалал-Абад, Нарын облустарынын аймагында күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG