Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Түштүк Корея Иран мунайын сатып албайт


Европа Биримдиги Ирандын чийки мунайын тарткан кемелерди камсыздоого тыйуу салганга байланыштуу Түштүк Корея 1-июлдан тартып Ирандан мунай сатып албай калат.  Бул жөнүндө билдирген өлкөнүн финансы жана стратегия министри Пак Чэ Ван мындай деди:

- Евробиримдиктин Иран мунайын ташыган кемелерди камсыздоого 1-июлдан санкция киргизүүдө. Ошон үчүн, биринчиден, өкмөт мунайды керектөөнү жана камсыздоону күчөтөт; экинчиден, биз өндүрүүчүлөрдөн керектөөбүзгө жетерлик мунай алууну үзгүлтүксүз камсыздайбыз.

Түштүк Корея Ирандан кара май алууну токтоткон зиялык биринчи чоң керектөөчү болот. Тегеран уранды байытууну чектебегендиктен Евробиримдик 1-июлдан баштап Иран мунайын эмбарго киргизүү тууралуу чечим кабыл алган.

 

XS
SM
MD
LG