Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Асад Сирия согуш абалында деп жарыялады


Өкмөттүк аскерлер козголоңчулар жана жарандык демонстранттар менен согушуп жаткан Сириянын президенти Башар Асад анын өлкөсү чыныгы согуштук абалда экендигин билдирди:

- Мен парламенттеги сөзүмдө белгилегем, биз бардык тараптан алганда согуштук абалда жашап жатабыз. Мындай кырдаалда бардык саясат, бардык аракет бул согушту жеңүү үчүн багытталыш керек.

Үй-бүлөсү 40 жылдан бери өлкөнү башкарып келаткан Асад ошондой эле өзүн кызматтан кетүүгө чакырган Батыш өлкөлөрүн "алышат, бирок эч качан беришпейт, булар дайым ушундай" деп айтты.

Президенттин сүйлөгөнү Сириянын сыналгысынан түз көрсөтүлдү. Сириялык армияны Бириккен улуттар уюму 16 айдан берки козголоңдо 10 миңден ашык карапайым адамдын канына забын болду деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG