Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Баткен, Жалал-Абадда кайрадан сел жүрдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ түштөн кийин Баткен, Жалал-Абаддын айрым аймактарында дагы сел жүрдү. Сел Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында ички чарбалык жолдогу көпүрөнү алып кетип, жол жабылган. Мындан тышкары Кызыл-Бел айылында бир каналды сел бузуп, 110 гектар ашык айдоо аянтына суу өтпөй калган.

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында суу 130 метрлик дамбаны бузуп, 65 турак жайды каптап кетүү коркунучу жаралган. Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 424-чакырымында шагыл-таш көчкүсү жүрүп, унаа жолду бөгөп калган. (KKs)

XS
SM
MD
LG