Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Жогорку Кеңеш Кумтөр маселеси боюнча талкууну улантат


Бүгүн депутаттар Кумтөр боюнча депутаттык комиссиянын токтом долбоору тууралуу парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин корутундусун карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комитеттин мүчөсү Эркингүл Иманкожоева билдирди.

22-июнда Жогорку Кеңеш Кумтөр маселесин кезексиз жыйында талкуулап, депутаттык комиссиянын токтом долбоорун иштеп чыгуу үчүн комитетке жиберилген эле. Анда депутаттар Кумтөр кени боюнча мурдагы макулдашуулар менен келишимдердин баарын кайра карап чыгуу, "Центерра Голд Инк" компаниясындагы кыргыз тараптын акцияларынын үлүшүн жогорулатуу талаптарын коюшкан.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 26-июнда КТРКга курган маегинде Кумтөр боюнча иш мыйзам чегинде жүрүшү керектигин, маселени мамлекеттик комиссия иликтеп жатканын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG