Жогорку Кеңеште Кумтөр маселеси каралар алдында “Кумтөр Оперейтинг Компани” маалымат таратып, депутаттык комиссиянын корутундусу так эмес маалымат жана айыптоолорго негизделгенин билдирип чыкты. Компания Кыргызстандын мыйзамдарына негизинде гана иштеп жатканын белгилеп, парламенттеги соңку талкуулар “Центерра Голддун” беделин түшүрдү деп эсептейт.
Маалыматка ылайык, соңку талкуулар “Центерранын” Торонто биржасындагы баалуу кагаздарынын төмөндөшүнө алып келген. Кыргызстандын компаниядагы үлүшүнүн наркы кеминде 300 миллион долларга арзандап кеткен. Натыйжада “Кумтөр Оперейтинг Компани” 2009-жылкы келишим Кумтөр кени боюнча негизги документ экенин, Кыргызстан келишимдин жоболорун бузса, эл аралык арбитраждык соттун алдында жооптуу болоорун эскертүүдө. Бардыгы 2009-жылкы келишимдин негизинде аткарылышы керек деген компания конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даярдыгын билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңеш Кумтөрдөгү абалды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун, анын негизинде даярдалган токтом долбоорун карайт. Өткөн аптада депутаттар Кумтөр алтын кенинде экологиялык абал начарлаганын айтып, айрымдары келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу демилгелерин көтөргөн. (KKs)