Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Маданий мурастардын улуттук тизмеси түзүлөт


Бүгүн Жогорку Кеңеш "Материалдык эмес маданий мурастар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Ага ылайык, Кыргызстандагы материалдык эмес маданий мурастардын тизмесин түзүлүп чыгат. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан 2006-жылы мурастарды коргоо боюнча эл аралык конвенция кошулган. Ага ылайык, ЮНЕСКО оозеки материалдык эмес мурастарды коргоп, жайылтуу үчүн мыйзамдык негизди жакшыртууну милдеттендирген.

Кыргызстанда “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзам иштейт. Бирок бул мыйзам көбүнесе материалдык маданий мурастар тармагын гана тескеп келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG