Каттоодон өтпөгөн оппозициялык “Алга” партиясынын лидери Владимир Козлов менен активист Серик Сапаргалинин туугандары “Азаттыкка” билдиришкендей, бийликтер оппозиционерлерди “өлкөдө конституциялык түзүлүштү өзгөртүш үчүн маалымат каражаттарды колдонгон” жана “кылмыштуу уюм түзгөн” деп айыпташы мүмкүн болуп турат. Кабарларга караганда, эгерде алар бул айыптар боюнча күнөөлүү деп табылышса, анда 10 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Алар экөө тең ансыз да “социалдык жек көрүүнү жараткан” деп азыр абакта кармалып жатышат. Алар былтыр декабрда коопсуздук күчтөрү демонстрацияда 16 адамды атып өлтүргөн Жаңы-Өзөн шаарына быйыл январда барган учурда камалышкан эле. Оппозиционерлер өздөрүнө тагылган айыпты четке кагышты. Муну алар президент Нурсултан Назарбаевдин өкмөтүнө каршы болушканы үчүн эле “саясий чабуул” деп атап жатышат.