Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Өзбекстан ЖККУдан чыгууда


Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун катчылыгына өзүнүн бул уюмдагы мүчөлүгүн токтотору жөнүндө нота жолдогонун бүгүн орус маалымат агенттиктери кабарлашты.

Ташкенттен чындап эле нота түшкөндүгүн “Азаттыкка” ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнетдинов да ырастады.

Зайнетдинов орус маалымат агенттиктерине билдиргендей, учурда уюмдун эксперттери катчылыкка түшкөн документтерди анализдеп, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттерине баяндама даярдап жатат.

Өзбекстан ЖККУдан эмне себептен чыгып жатканы белгисиз. Ал буга чейин да бир ирет, 1999-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыгып, кайра 2006-жылы Анжиян окуяларынан соң кирген. (UE)

XS
SM
MD
LG