Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси качан каралары белгисиз


Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын күн тартибине киргизилген жок. “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров маселе качан каралары белгисиз экенин, өз фракциясынын ичинде өкмөт боюнча бирдиктүү пикир жоктугун белгиледи.

“Ар-намыс” лидери Феликс Кулов өкмөттү кетирүү жөнөкөй иш эместигин, өкмөттүн да өзүнүн жүйөлөрүн угуу зарылдыгын “Азаттыктын” кабарчысына маалымдады.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков азыркы тапта өкмөткө ишеним көрсөтпөө аракетин туура эмес деп сыпаттады.

“Ата-Журттун” лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев өкмөттү кетирүү маселеси боюнча парламентте соодалашуу жүрүп жатат деп айтты. Буга чейин маалымат каражаттары парламенттеги өкмөттү кетирүү үчүн кол топтолуп жатканын, кол койгондордун саны элүүгө чукулдаганын жазышкан. (BkA/KKs)

XS
SM
MD
LG