Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Муфтият УКМКнын билдирүүсүнө жооп кайтарды


Муфтият жихадчылык тууралуу УКМКнын билдирүүсүнө жооп кайтарып, атайын кызматтан жихадчылык идеяларын жайылтууга көмөк көрсөттү делген муфтияттын өкүлдөрүнүн атын атоону өтүндү. Диний башкармалыктын басма сөз кызматы маалымдагандай, муфтият УКМКны далилдүү маалыматтарды таркатууга чакырды.

Кечээ УКМК Бишкекте жихадчылык идеяларын жайды делген Казакстандын эки жараны кармалганын билдирген. Ага ылайык, эки адам Бишкектеги борбордук мечиттин айланасында иш жүргүзүп, өз жамаатына аялдарды тартуу аракетин көргөнү, аларга муфтияттын айрым кызматкерлери көмөк көрсөткөнү кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG