Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

“Альфа Телеком” жетекчилеринин камактагы мөөнөтү узарды


Мыйзамсыз акча которуулар боюнча айыпталган "Альфа Телеком" башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековдун камактагы мөөнөтү 30-июлга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектеги Биринчи май райондук соту чыгарганын “Азаттыкка” Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. УКМКнын тергөө абагында отурган үч айыпталуучунун камактагы мөөнөтү июндун акырында аяктамак.

Адвокат Айткулов УКМК тергөө иштерин атайын создуктуруп жатканын айтууда. Бирок атайын кызматтын жетекчилиги “Мегаком” иши боюнча тергөө аяктап калганын билдирип келет.

Үч адам «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып менен январь айында камалган. Тергөөнүн жүрүшүндө компаниядан дагы 6 миллион доллар оффшордук аймакка чыгарылганы аныкталган. Камалгандар өздөрүнө коюлган дооматтарды четке кагып келишет. (KKs)

XS
SM
MD
LG