Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Өзбекстандын оппозициячыл топтору Прагада жыйын курууда


Чехиянын борборунда бүгүн өтүп жаткан жыйында Өзбекстандын оппозициячыл топтору президент Ислам Каримовдун режимин алмаштыруу жолдорун талкуулап жатышат.

Жыйынга өзбек оппозициясынын сүргүндө жашаган активисттери катышууда. Оппозициядагы “Эрк” партиясынын баш катчысы Атаназар Арифовдун “Азаттыкка” айтканына караганда, Ташкенттен Прагадагы жыйынга төрт гана активист келе алды.

Былтыр “Араб жазы” деп аталган окуяларга шыктанган өзбек оппозициясы Өзбекстан Элдик кыймылы деген жаңы бирикме уюштурган. Прагадагы жыйын - ушул бирикменин экинчи курултайы. (UE)

XS
SM
MD
LG