Египеттин демократиялык жол менен шайланган туңгуч президенти Мухаммад Мурси Каирде Конституциялык соттун имаратында ант берди:
- Республикалык түзүлүштү ак ниеттүүлүк менен коргоого, Конституцияны жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоого, калктын кызыкчылыгына көңүл бурууга, өлкөнүн көз карандысыздыгын жана коопсуздугун сактоого кудай алдында ант берем.
Мурси - Египеттин монархия кулатылган соңку алтымыш жылдан берки бешинчи президенти жана араб дүйнөсүндө эркин шайлаган алгачкы исламчыл мамлекет башчы.
Расмий ант берер алдында, Мурси кечээ борбор калаа Каирдин Тахрир аянтында, эл алдында символикалык ант берди. Чогулгандардын көпчүлүгү Мурсини президенттикке талапкер кылган “Мусулман агайындар” кыймылынынын жактоочулары болду.
Тахрир аянтындагы сөзүндө Мурси “президенттин ыйгарым укуктарынын бирин да бербесин” убада кылды. Муну менен ал генералдарга президенттин бийлигин чектебөөнү эскерткендей болду.
Ал эми мусулмандар менен христиандарга кайрылган Мурси Египетти “жарандык, конституциялык жана улуттук” өлкөгө айлантууну убада кылды.
Жаңы президент сөзүндө өзү мүчө болуп келген “Мусулман агайындар” кыймылынын исламдык тартип орнотуу мүдөөсүн эскерген жок. (UE)