Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Аба ырайы: Сел коркунучу сакталууда


Аба ырайын маалымдоочу борбор 1-июлдан 3-июлга чейин республиканын тоо этектеринде сел жүрүшү күтүлөрүн эскертет.
2-июль күнү Кыргызстандын айрым тоолуу райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Башка жактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым райондордо 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Баткен, Жалал-Абат, Ош жана Чүй облустарында түнкүсүн 15..21, күндүзү 30..35 градуска чейин ысыйт. Таласта түнкүсүн 12..17, күндүзү 28..33 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн 10..15, күндүзү 24..29 градуска чейин көтөрүлөт. Нарын облусунда түнкүсүн 6..11, күндүзү 24..29 градус ысык болот. Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0..5, күндүзү 20..25 градус, тоолордо түнкүсүн -2..+3, күндүзү 8..12 градус жылыйт.
Ысык-Көлдөгү суунун температурасы 1-июль күнү эртең менен 20 градус болду деп билдиришет синоптиктер.

XS
SM
MD
LG