Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:05

ИИМден маалымат алуу тартиби өзгөрдү

Жарандардын Ички иштер министрлигинен маалымат алуу тартиби өзгөрдү. Бул тууралуу бүгүн ИИМден кабарлашты.

Жарандын мурда сот жообуна тартылып-тартылбаганы тууралуу маалыматты акча төлөп тез арада алуу кызматы жоюлду. Буга чейин мындай маалыматты 3 же 7 күндө 100 же 70 сом төлөп алуу мүмкүн болчу.

Эми бекер, бирок 30 күндүн ичинде гана алса болот. Өкмөттүн тиешелүү токтому кабыл алынды. (RK)
XS
SM
MD
LG