Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Кыргызстандык жаш футболчу "Барселона" академиясына өттү


Кыргызстандык жаш футболчу 10 жаштагы Эрбол Атабаев атактуу "Барселона" футбол академиясына өттү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте маалымат жыйынында Кыргызстандын Испаниядагы ардактуу консулу Таалайбек Бапанов билдирди. Испаниялык академияга өтүү үчүн сынакка Европа өлкөлөрүнөн, Орусиядан жүздөгөн өспүрүм катышып, аягында эң мыкты делген 15 бала тандалып алынган. Алардын арасында Эрбол Атабаев да бар. Испанияда Эрбол үч жыл окуп, футбол сырларын үйрөнөт. Өзүнүн айтымында, футбол менен ал беш жашынан бери машыгып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG