Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Бишкек - Ош унаа жол дирекциясынын жетекчиси кармалды


Бишкек - Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясынын башчысы Шабданбек Иманкулов камакка алынды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги кабарлайт. Маалыматты аталган дирекция баш ийген Транспорт жана байланыш министрлиги да "Азаттыкка" тастыктады. Иманкулов коррупцияга шектүү деп милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы кабарланууда. Кылмыш иш кандай негизде ачылганы тууралуу азырынча так маалымат түшө элек. Иманкуловдун өзү менен да байланыш жок болууда.

Иманкулов мурдагы күнү кармалды. Бул кызматта иштегенине бир жылдан ашып калган. Мурда да министрликтин жол түзүмдөрүндө иштечү. (RK)

XS
SM
MD
LG