Баткендин Кадамжай айыл башкармалыгында 3-июлда Горная көчөсүндө таш көчкү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу 45 үй-бүлө туугандарыныкына жана Металлург стадионуна убактылуу жайгаштырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Министрлик муктаж болгондор үчүн 5 орундуу 7 чатыр тигип берди. Азыркы учурда мониторинг жүргүзүү департаментинин адистери изилдөө жүргүзүүдө. (RK)