Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Укук коргоочунун эжесин милиция кармап кетти


“Ачык позиция” укук коргоо борборунун жетекчиси Дмитрий Кабактын эжеси Оксана Завялованы милиция кызматкерлери бир аз мурда үйүнөн күч менен кармап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу өзү кабарлады. Анын айтымында, эжеси кошуна батирдеги окуяга күбө болуп, жардам берүүгө барган. Учурда ал Бишкек шаарынын Сверлов районундагы милициянын №10 бөлүмүндө кармалууда. Бирок милиция аны кандай негизде кармаганын түшүндүргөн эмес. Маалыматка ылайык, укук коргоочулар Сардар Багышбеков менен Дмитрий Кабакты милиция бөлүмдөн күчтөп чыгарып жиберген. Ал эми адвокат катары барган Нурбек Токтакуновго Оксана Завялова менен жолугушууга уруксат берилген эмес.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов бул окуя боюнча маалыматы жоктугун, чоо-жайы такталарын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG